• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстандык блогер жабыркаган баткендиктерге 1 млн теңге которду (видео)

Коом 0


Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Казакстандык блогер Нурбек Нуртаза Баткен облусунун тургундарына жардам которуу үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 1 млн теңге (болжол менен 170 миң сом) которду.

Нурбек Нуртаза апасы Ошто болорун жана ал жакка өзү да бир нече ирет келип кеткендигин билдирди. Блогер мындай окуялар эч жерде болбошу керектигин баса белгиледи. "Биздин колубуздан келгени акчалай жардам көрсөтүү гана. Биздин үй-бүлө кыргыз ыктыярчылары тарабынан түзүлгөн сайтка акча котордук. Биз дүйнө жүзүндөгү тынчтык үчүн", - деди казакстандык блогер.

Пикир

Оставить комментарий