• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кембридж басылмасынын окуу китептери кыргыз тилине которулушу мүмкүн

Билим 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Кембридж басылмасынын окуу китептери кыргыз тилине которулушу мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин башчысы Стив Кингдин жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптардын жолугушуусу 13-февралда Бишкекте өткөн. Жолугушууга ошондой эле министрдин орун басарлары Муратбек Касымалиев менен Лира Самыкбаева дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүү стандартына ылайык, ошондой эле мамлекеттик баалуулуктарды эске алуу менен Кембридж басылмасынын окуу китептерин кыргыз тилине которуу жана колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Буга кошумча STEM жана балдарды өнүктүрүү багытында англис тилиндеги окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын министрлер кабинетинин токтому менен өзүнүн “Окуу китеби” басма үйүн түзгөндүгүн маалымдады.

Стив Кинг Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаменти буга чейин дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен китеп басып чыгаруу жаатында ийгиликтүү кызматташканын, анын ичинде коңшу Өзбекстан, Казакстан бар экенин айтып, департамент Кыргызстан менен дагы кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий