• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КЭРнын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келиши мүмкүн

Саясат 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Циляндин жолугушуусунда маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, аны 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экенин белгиледи.

«Биз достук мамиледеги коңшубузга өлкөбүздүн өнүгүү жылдарында ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигине ыраазычылык билдиребиз. Кытайга болгон акыркы сапарымда Стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу өнүгүүсү жөнүндөгү Биргелешкен декларацияга жана дагы эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Биз Кытай менен кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө даярбыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий