• 88.68
  • 95
  • 0.95

КФС менен ФИФАнын президенттери Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жолдорун талкуулашты

Спорт 0

Бишкек, 05.05.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыков менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчысы Жанни Инфантинонун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

КФСнын маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.


Белгилей кетсек, Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келди. Иш сапардын алкагында ФИФА башчысынын өлкө жетекчилиги менен жолугушуусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий