• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ башчысы Аскаров Ош облусундагы кооптуу аймактарды кыдырып жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош облусундагы кооптуу аймактарды кыдырып жүрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында аймактарды кыдырып жүрөт.

Министр иш-сапарын алгач Ош облусунун Ноокат районунан баштаган.

"Аскаров Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылындагы Кыркол-Сай дарыясынын сол жээгинде 650 метр аралыкта аска таш менен жээк бекемдөө, Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалу участкасына 100 метр аралыкка сел тосмосун жана сел кетүүчү 450 метр канал куруу, Кара-Таш айыл аймагынын Кара-Таш айылындагы Бекиев атындагы көчөсүндөгү сел сайындагы авариялык абалдагы көпүрөнү көрүү жана “Капка” участкасындагы сел чогултуучу тосмону тазалоо жумуштарын жүргүзүү маселелерин жеринен талкулоо менен баштады", - деп билдиришти минитрликтен.

Табигый кырсыктардын алдын алууда министрликтин жана жергиликтүү бийлик органдарынын биргеликте иш алып баруусу приоритеттүү маселе экенин министр З.Аскаров баса белгилеп өттү.

“Калктын коопсуздугу алдыңкы орунда болушу керек, жаздын келиши менен потенциалдуу коркунучтуу табигый кубулуштар жандана баштайт. Ал эми ошол процесстерди алдын алуу же болбосо кесепеттерин азайтуу үчүн бардыгыбыз биргеликте жапа тырмак иш алып баруубуз зарыл”, - деди министр.

Андан соң министр КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жана имаратынын абалы менен таанышты.

Аталган бөлүмдүн материалдых-техникалык базасынын эскилиги жеткен жана өздүк курам аскер кийимдери менен толук кандуу камсыздалган эмес. Бул маселени тез арада чечүүнү министр тиешелүү башкармалыктын башчыларына тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий