• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Баткенде электр мешиндеги чыңалуудан үй өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда, болжол менен саат 16:16да Кызыл-Кыя шаарынын Шахтерская көчөсүндө турак үй күйүп жаткандыгы маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендй, өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 36 чарчы метрге чейин жеткен.

Такталган маалыматка ылайык, өрт электр печкасын пайдаланууда электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам чыккан.

"Материалдык чыгым катары үйдүн 2 бөлмөсү жана үй эмеректери эсептелген. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий