• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгармаларынан үзүндү тартуулашты

Коом 0


Бишкек, 12.12.20 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгармаларынан үзүндү тартуулашты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМ кызматкерлери "Кызыл жоолук жалжалым", "Ак кеме", "Жамиля", "Тоолор кулаганда" аттуу чыгармаларынан үзүндү окуп беришти. Маданий иш-чара залкар жазуучунун туулган күнүнө карата эскерүү катары өткөрүлдү.

"Кызыл жоолук жалжалым" повестинен үзүндүнү ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын №3 Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчүсү Камчы Кыдырмаев, "Ак кеме" повестинен ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын №3 Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы Канат Алмазбеков, "Жамиля" повестинен ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын орун басары Максат Жаныбеков, "Тоолор кулаганда" романынан ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Кадр бөлүмүнүн башчысы Назгүл Айталиева, “Ак кеме” повестинен үзүндүнү ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов окуду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий