• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ шайлоо тилкелериндеги өрт коопсуздугун камсыз кылууда

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында саат 12:00гө карата өзгөчө кырдаалдар катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн «КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо боюнча негизги иш чаралар планына» ылайык жана шайлоо өткөрүү маалында жарандардын өрт коопсуздугу камсыздоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Министрликтин өздүк курамы шайлоо маалында коомдук тартипти сактоо боюнча негизги иш-чаралар планына ылайык 800дөн ашык кызматкер жана 300гө жакын атайын унаалар өрт коопсуздугун камсыздайт. Андан тышкары жалпы республика боюнча шайлоо тилкелериндеги коопсуздукту камсыз кылуу үчүн министрликтен 2 миңден ашуун жооптуу кызматкерлер иш алып барып жатышат.

Эскерте кетсек, шайлоо өткөрүү маалында негизги иш-чаралар планына ылайык жана шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча министрлике тапшырма коюлган. Буга чейин министрликтин кызматкерлери жер жерлердеги шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

"Азыркы учурда ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаевдин жетекчилигинин алдында министрликтин башкармалыктарынын башчыларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусунда жер-жерлердеги шайлоо тилкелериндеги коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча саат сайын штабдын жыйыны өткөрүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий