• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөттө Дүйнөлүк банк менен беш жылдык мөөнөткө кызматташтык Стратегиясын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк банк ортосундагы 2018-2023-жылдарга кызматташтык Стратегиясын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмени өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы атамекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл.

Анын айтымында, Кыргызстан ар кыл тармакта чоң потенциалга ээ.

«Биринчиден, бул адамдар. Калктын жан башына карай эквиваленттик кирешесине карай башка өлкөлөргө салыштырмалуу калктын билим деңгээли дээрлик жогору экендигин белгилей кетүү керек. Экинчиден, бул – энергетикалык тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу гидроресурстардын запасы. Мындан тышкары, Кыргызстан өлкөдөгү туризмдин динамикалуу өнүгүүсү үчүн негиз катары саналган мыкты жаратылышка ээ», – деди Лилия Бурунчук.

Ошондой эле ал атамекендик айыл чарбанын кенен мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Дүйнөлүк банктын аймактык директору билдиргендей, өткөрүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы Кытай сыяктуу жакынкы ири керектөө рыногунун суроо-талабына дал келет.

Лилия Бурунчуктун айтымында, мунун бардыгы өлкө экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө өбөлгө болуп саналат.

Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар өлкө экономикасына комплекстүү изилдөө жүргүзүү тууралуу маалымат берди, анда инвестицияларды тартуу, энергетика, билим берүү, туризм, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик башкарууну жана жеке сектордун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көйгөйлөр жана чаралар тууралуу айтылды.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, айтылган маселелерди чечүү үчүн терең, түзүмдүк өзгөртүүлөр зарыл.Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө атамекендик экономиканын бир катар тармактарын, анын ичинде салык тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү боюнча иштер башталды. Мындан тышкары, Сапар ИсаковДүйнөлүк банктын долбоорлорун «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасы менен синхрондоштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда Премьер-министр жакынкы беш жылга карата Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий