• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча келишимден чыгуусу ал токтойт дегенди билдирбейт

Коом 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын “Акылдуу шаар” долбоору боюнча Келишимден чыгышы долбоорду ишке ашыруу токтойт дегенди билдирбейт”, - деген пикирин “Кабар” агенттигине “Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондунун директору Таттуу Мамбеталиева билдирди.

Ал министрлер кабинетинин бул чечимин негиздүү деп эсептейт, анткени буга чейин түзүлгөн Келишимдин алкагында инвесторлорго сунушталган мөөнөттөр өттү.

“Акылдуу шаар” долбоору – “Таза Коом” улуттук программасынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат. Келишимде “Акылдуу шаарды” ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды тартуу каралган. Келишимден чыгуу “Акылдуу шаар” токтойт дегендик эмес экенин так түшүнүү керек”, - деди Мамбеталиева.

Ал бир жагынан бул Өкмөт үчүн “Акылдуу шаар” долбоору боюнча жаңы чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк ачарына өзгөчө көңүл бурду.

“Өкмөт – отчеттук орган катары мөөнөттөрдүн сакталышына жоопкерчиликти алышы керек. Себеби инвесторлор создуктургандыктан Өкмөт мындай кадамга барганы негиздүү”, - деп белгиледи Мамбеталиева.

Пикир

Оставить комментарий