• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош шаары боюнча башкармалыгында 2021-жылдын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында Жарандык коргонуу боюнча жыйын өттү.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Жунус Жумабаев 2021-жылы аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кырсыкты жоюуга катышкан мекеме-уюмдардын иш-аракеттерине токтолду.

Профилактикалык иштерди алып барган бөлүмдүн иши айтылып, жарандардын өрт коопсуздугун сактоодогу кайдыгер мамилеси белгиленди. Өткөн жылда Ош шаарында 93 өрт кырсыгы катталса, анын 58и жеке турак-жайларда, 17си соода жайларында, 11и автоунаа токтотуучу жайлардан жана автоунаалардан чыккан. Андан 67,7 млн сомдук материалдык зыян келтирилген. Өрткө каршы күрөшүү кызматтарынын жардамы менен 5,8 млн. сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Сонунбек Жунусбаев өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана күрөшүүдө Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын аткарган иштерин белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында бул тармакта артыкчылык көрсөткөн жетекчилерге жана кызматкерлерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий