• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Ош шаарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Оштогу күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында Ош шаарында иштеп жаткан 40 ломбард текшерилип, кызматкерлери жана ээлери суракка алынды.

Тапшырманы ишке ашыруу жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди минималдаштыруу максатында ломбарддардын өкүлдөрү менен “Ломбарддардын иши жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ошондой эле кыска мөөнөттүү насыяларды берүүдө Кыргызстандын 18 жаштан өйдө жарандарынын жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлкүн гана күрөөгө кабыл алуу жана күрөөгө коюлган мүлктү тескөөгө жол бербөө зарылдыгы, ыйгарым укуктуу органдардын лицензиясынын негизинде гана иш жүргүзүү түшүндүрүлдү.

УКМК мыйзам бузган күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий