• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл бюджетке гранттар аркылуу 16,4 млрд, баалуу кагаздарды чыгаруудан 55,7 млрд сомдун түшүүсү күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 2022-жылы консолидацияланган бюджетке гранттар аркылуу 16,4 млрд, баалуу кагаздарды чыгаруудан 55,7 млрд сомдун түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Талас Айдарбек уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга кол коюлуп, ага ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 282,1 млрд сомду түзөт.

“Анын ичинде салыктык кирешелер 233,1 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 100 млрд сомдон ашыкты түзөт. Жалпысынан бюджет салыктык кирешелер боюнча оң өсүш менен мүнөздөлөт. Салыктык кирешелердин өсүшү салык мыйзамдарын өркүндөтүүнүн, салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүүнүн, фискалдаштыруунун жана салыктарды тескөөнүн, ошондой эле экономиканы көмүскө сектордон чыгаруунун эсебинен болжолдонууда”, - дейт ал.

Айдарбек уулу 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 291,2 млрд сомду түзүп, чыгашалар өсөрүн айтат.

“Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү болжол менен 403,9 млрд сомду түзөт. Ал төмөнкү түшүүлөрдөн турат: мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 252,5 млрд сом, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 36,3 млрд сом, гранттар 16,4 млрд сом, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана соцфондун кирешелери 43 млрд сом, аны менен бирге ресурстук жакка бюджеттик соодаларды кайтаруу, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча түшүүлөр жана тышкы жактан келген каражаттар дагы кирет. Ал 55,7 млрд сомду түзөт”, - деп белгиледи Талас Айдарбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий