• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 5 пайыз деңгээлинде сактап калды. Чечим 2020-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Эл аралык уюмдардын базалык болжолдоосу боюнча дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши бирдей эмес деңгээлде болуп, калыбына узак убакытта келери жана белгисиз жагдайлар менен коштолушу күтүлөт.

Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторунда волатилдүүлүк сакталууда.

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши тышкы жана ички терс факторлордун таасиринен кыйла басаңдаган. Ошондой эле экономиканын дээрлик бардык секторлорунда өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү уланууда. Экономиканын туруктуу экономикалык өсүү траекториясына кайтышы көбүнчө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүү тездигине, ошондой эле дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын динамикасына жараша болот.

Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда Кыргыз Республикасы тарабынан импорттолуучу негизги азык-түлүк товарларына баанын жогорулашы байкалууда. Бул фактор, өлкөгө товарлар импортунун логистикасынын татаалданышы менен катар эле, коңшу өлкөлөрдүн жергиликтүү этке болгон суроо-талабынын өсүшү, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү АКШ долларынын курсунун жогорулаган тенденциясы инфляция арымынын бир аз тездешине шарт түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2020-жылдын ноябрь айында (жыйырмасында) 7,9 пайызды түзгөн. Учурдагы экономикалык шарттарда инфляциянын орточо маанисинин 2020-жылдын акырына чейин бир маанидеги чекте сакталышы жана убактылуу тездеши күтүлөт.

Жалпысынан, акча-кредит секторунун абалы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик чени менен жалпы багытта болуп, белгиленген пайыздык чектин алкагында өзгөрүүсүн улантууда. Ошондой эле банктар аралык кредит рыногундагы жигердүүлүк сакталып, кредит портфелинин жана депозиттик базанын өсүшү да уланууда.

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү өбөлгөлөрүн жана түптөлүп жаткан ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Мында, жалпысынан акча-кредит саясатынын инструменттери экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүүгө багытталат.

Улуттук банк туруктуу негизде инфляциянын тышкы жана ички таасир этүү факторлоруна баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын колдонот. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк алардын кесепетин жөнгө салуу үчүн жетиштүү инструменттерге ээ.

Пикир

Оставить комментарий