• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкек мэри Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын ортосундагы тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбордун мэри өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, тактап айтканда, Бишкек Монголиянын борборунун түтүн менен күрөшүү тажрыйбасына кызыкдар экенин, өз кезегинде Улан-Батор Бишкектеги жашылдандыруу технологияларын колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Муниципалитет эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы кызматташуу боюнча келишимдин долбоорун даярдады.

Пикир

Оставить комментарий