• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КМЮАнын 22 студенти келишимди төлөөгө грант алышты

Билим 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын ислам укуктарын үйрөнүп жаткан 22 студенти келишимди (контракт) төлөөгө грант алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Ислам укуктары” багыты боюнча билим алып жаткан эл аралык-укуктук факультеттин студенттеринин 50% төлөмүнө грант “Ала-Тоо өнүктүрүү борбору” коомдук фонду тарабынан бөлүнгөн.

КМЮАнын ректорунун милдетин аткаруучу Арстанбек Мамбеткулов таланттуу студенттерди колдоп, билим берүүгө инвестиция жумшоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Ала-Тоо” өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун президенти Мухаммад Али Абдулькарим анын уюму сапаттуу билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүнө жардам берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий