• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндары. Дилназ Сазанова күмүш медаль багындырды

Спорт 0

Солигорск, 13.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Дилназ Сазанова Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш медаль багындырды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бүгүн, 13-августта Беларустун Солигорск шаарында өтүп жатат.

Спортчу 65 кг чейинки салмакта күрөшүп, финалдык беттеште Беларусь балбаны Ксения Тереняга утулуп калды.

Буга чейин кыз-келиндер командасынын мүчөсү Бермет Нуридин кызы коло медаль уткан.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий