• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конор Макгрегордун атаандашы жана беттешкен күнү айтылды

Спорт 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор 2020-жылдын 18-январында Лас-Вегастагы UFC 246 мелдешинде америкалык Дональд Серроне менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Дэйна Уайттын билдирүүсүнө таянуу менен ESPN басылмасы жазат.

Уайттын айтымында, Макгрегор мелдешке катыша турган келишимге кол койгон.

Ирландиялык мушкер акыркы беттешти 2018-жылы 6-октябрда россиялык Хабиб Нурмагомедов менен өткөргөн. UFC 229 мелдешинде өткөн беттеште Макгрегор жеңилип калган. Андан кийин бир дагы беттешке катышкан эмес.

Ал эми Серроне 2016-2019-жыл аралыгында жарым орто салмак ченинде октагонго чыгып жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий