• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конституциялык кеңешменин мүчөсү эски менен жаңы Конституциянын айырмачылыктарын айтып берди

Коом 0

Өткөн жылдын күзүнөн бери президенттик башкаруу формасынын талаптарына жооп берген Конституциянын жаңы долбоору иштелип келди. Конститциянын жаңы долбоору 6-февралда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Конституциялык кеңешменин мүчөсү Асел Абакирова Конституциянын жаңы долбоору менен 2010-жылдагы мурдагы версиясынын айырмачылыктары тууралуу айтып берди.

Доцент белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан Конституциянын жаңы долбоору президенттик башкаруу формасынын талаптарына жооп берет.

“Эгер концептуалдык айырмачылыктары тууралуу айта турган болсок, анда Конституциянын жаңы долбоору боюнча президент мамлекет башчысы болуп эсептелет, ички жана тышкы саясатты аныктайт, аткаруу бийлигин башкарат, ага ылайык, бийликтин аткаруу бутагынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жеке жоопкерчилик аларын айтсак болот. КР президентинин ыйгарым укуктарына байланыштуу айта турган болсок, анда албетте анын ыйгарым укуктары кенейтилген: барынан мурда ал ички жана тышкы саясатты аныктайт, Жогорку Кенештин макулдугу менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, министрлер кабинетинин башчысын дайындайт. Конституцияда президенттин кызматтан бошотуу чечимдерине байланыштуу нормалар да аныкталганын айта кетүү керек. Албетте, бошотуу 2010-жылдагы конституцияда деле каралган, бирок андан айырмаланып президенттин кызматтан бошотуусу үчүн оор же өтө оор кылмыш кылуу гана негиз болуп эсептелбестен, Конституциялык нормаларды бузуу, андан тышкары, Жогорку Кеңештин жана сот бийлигинин ишмердүүлүгүнө жана ыйгарым укуктарына аралашуу да кирет", - деп билдирди ал.

Аны менен катар, ал өкмөт формалдык гана өзгөрбөстөн мурдагыдан туруктуу дагы болуп калат деп белгиледи. Эгер мурда премьер-министр менен бирге өкмөт мүчөлөрү толугу менен отставкага кетсе, эми министрлер кабинетинин башчысы отставкага кетсе, калган министрлер иштерин уланта беришет.

“Биз министрлер кабинети түшүнүгүн киргиздик. Эми министрлер кабинетин бир эле учурда президенттин аппаратынын же администрациясынын жетекчиси эсептелген министрлер кабинетинин башчысы башкарат. Бул барынан мурда бийликтин вертикалдуулугун бекемдөө үчүн жасалды. Эгер биз президенттик башкаруу формасы тууралуу кеп кыла турган болсок, анда ага ылайык аткаруу бийлик органынын бардык системасы, анын ичинде министрлер кабинети, президенттин администрациясы өз алдынча күчтүү түзүм болуп, түздөн-түз президентке баш ийиши керек болот. Ошол максатта министрлер кабинетинин башчысы бир эле учурда президенттин администрациясынын башчысы болуп эсептелет. Ошентип, президент министрлер кабинетинин башчысын же кайсы бир министрди отставкага кетире алат, ал эми калгандары мурдагыдай эле иштей берет”, - деди Абакирова.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий