• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди — тизме

Президент 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Министрлер кабинетинин төрагасы;
- Президенттин администрация башчысы;
- мамлекеттик катчы;
- башкы прокурор;
- коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий