• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Корея парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Парламенттик делегацияны КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 3-5-апрель күндөрү боло турган сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусуна да барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий