• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК төрагасы Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында каза болгон Фархад Мырзалыковдун үй-бүлөсүнө 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 7-апрелде аталган райондо жайгашкан Кербен чек ара тозотунун тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Кыргызстандын жаранына ок чыгарып, натыйжада ал алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Маркумдун артында үч кичине баласы калды.

Мындан сырткары, Төрага көзү начар көргөн Нуркамил уулу Асылбекке да 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам берди. Каражаттар Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий