• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коргоо министрлиги: Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 17.01.24./Кабар/. Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Коргоо министрлигинин жетекчилиги курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, учурда ооруканада жаткан калган жабыркаган аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий