• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 562 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат. 80 адамдын абалы орточо оор, 470 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1748ди түзөт. Алардын ичинен 1170 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий