• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Качан вакцина этияттык менен колдонулат? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Биринчи компонент болгон вакцинанын көрсөтмөсүндө качан этияттык менен колдонулаары жазылган. Бул жөнүндө КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев брифинг учурунда айтып өттү.

Дарыгердин айтымында, вакцина төмөнку ооруларда этияттык менен жүргүзүлөт:

- өнөкөткө айланган боор жана бөйрөк оорулары;

- эндокриндик оорулар: өтүшкөн калкан безинин дисфункциясы жана кант диабетинин декомпенсация стадиясы;

- өтүшкөн кан оорулары;

- эпилепсия жана башка борбордук нерв системасынын оорулары;

- мээ кан айланууну системасынын курч бузулушу (инсульт), курч коронардык синдром жана миокардит, эндокардит, перикардит.

Анын айтымында, жогоруда айтылгандардын баары вакцинаны алууга каршы көрсөткүчтөр эмес, бирок кошумча этияттык керек болгон шарттар.

"Этияттык менен колдонуу вакцинанын пайдасы тобокелчиликтерден ашып кетет дегенди билдирет. Бирок кээде дарыгер объективдүү себептерден улам эмдөөдөн өтүүгө уруксат бербеши мүмкүн. Мындай тактика оорулуунун оор шартында сакталат, иммундук системанын вакцинага кадимки реакциясы - ошол эле жогорку температура - оорунун жүрүшүнө таасир этип, оорлошууга алып келиши же адамдын абалын начарлатышы мүмкүн. Мисалы, эпилепсиянын сейрек кармашы эч кандай этияттыкты талап кылбайт, бирок эпилепсиянын сейрек кармаса дагы фебрилдүү түрү, дене температурасынын бир аз жогорулашы талманы козгоп, эпилептикалык кайталанма талмаларга же эпи статусуна өтүшү мүмкүн.

Ошону менен эгер эмдөө учурунда көрсөтмөлөргө ылайык, этият болууну талап кылган оору бар болсо, анда бейтапты дарылап жаткан дарыгерге кайрылуу керек болот. Эгерде ден-соолугу жакшы жана оорусу көзөмөлдө болсо, анда вакцинадан баш тартууга эч кандай көрсөткүч жок", - деди Жамал Тургунбаев.

Пикир

Оставить комментарий