• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Аталган уюмдун башчысы Тедрос Гебрейесустун айтымында, азырынча эл аралык каттамдар менен соодага чектөө киргизүүгө негиздүү себептер жок.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 9692ге жетип, 213 адам көз жумду.

Буга чейин 7711 адам илдетти жуктуруп алса, 170 адам каза тапкан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий