• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавируска чалдыккан алты киши дагы Сауд Арабиясына умрага барып келишкен

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы коронавирусту жуктуруп алган алты жаңы учур катталды. Алар дагы кичи ажылыктан келгендер. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында 21-мартка карата Кыргызстанда дагы жаңы учур катталды. “Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер. Алардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 74 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер. Бардыгы Кыргызстандын жарандары", - деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий