• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирусту тез аныктоочу экспресс-тесттерди кимдер тапшыра алат? Штабдын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Оорунун белгилери (дене табынын ысышы, кургак жөтөл) жок жана ооругандар менен байланышта болбогон адамдар эскпресс-тесттерди тапшыра албайт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан коронавирусту тез аныктоочу 5000 тест сатып алган. Алар коронавирустун бар-жогун мурдагыдай 5 саатта эмес, 15-20 мүнөттө аныктайт.

Мындан сырткары, Россиядан дагы кошумча тесттер келет. Тест-системаларынын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14гө (6 эркек, 8 аял) жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий