• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирустун экинчи толкуну болорун күтүп жатабыз деп айтууга эрте – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Коронавирустун экинчи толкуну болорун күтүп жатабыз деп айтууга эрте. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустун экинчи толкуну болорун күтүп жатабыз деп айтууга эрте. Бирок ал боюнча пикирлер айтылууда. Биз ар кыл жагдайга даяр болушубуз керек. Ал үчүн чаралар көрүлүп жатат. Кошумча орундарды түзүү, кошумча кызматкерлерди тартуу боюнча план бар. Дүйнөлүк банктын жана башка өнөктөштөрдүн гранттык программаларынын алкагында биздин бейтапканалардын даярдыгын күчтөндүрүү жана ал үчүн каражаттар каралган. Жасалма дем алуу аппараттарын алуу иштери жүрүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ни түзөт. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий