• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кожошев жана Сауд Аравиянын айыл чарба министри агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравиянын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары министр Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадлиге меймандостугу жана Digital City («Санариптик шаар») көп функционалдуу комплексинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын продукцияларынын көргөзмө-жарманкесин уюштурууга көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Арзыбек Кожошев республиканын агроөнөр жай тармагындагы потенциалына токтолуп, сауд тарапты өндүрүш жана айыл чарба тармагына инвестиция салууга чакырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле өлкөдө жаңыланып туруучу энергия булактарына негизделген энергетика тармагынын ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде министр Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли энергетика, айыл чарба тармагына инвестиция салууга жана Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын белгиленген стандарттарга ылайык Сауд Аравияга импорттоого кызыкдар экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо менен эсептөөлөрдү, жол картасын жана аны ишке ашыруу этаптарын бекитүү аркылуу конкреттүү долбоорлорду киргизүү боюнча макулдашууга жетишилди.

«Бизнес-форумда энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча эки келишимге кол коюлган. Биз бул багытта кеңири масштабда кызматташууга даярбыз. Дүйнө акырындык менен күн батареялары жана башка демилгелер аркылуу жашыл экономикага жана энергияны “акылдуу керектөөгө багыт алууда. Биз бул багыттын өнүгүшүнө кызыкдарбыз», - деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий