• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Коопсуздук кеңеши өлкөнүн жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Биринчи маселени талкуулоонун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун карашты.

Атап айтканда, документте Куралдуу күчтөрдү андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү милдеттерин даярдоого жана аткарууга багытталган өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылууга тартылган мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мамлекеттик органдардын координацияланган иши экени айтылат.

Куралдуу күчтөрдү андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуунун жана жаңы Аскердик доктринаны иштеп чыгуунун актуалдуулугу мамлекеттик башкаруунун өзгөрүлгөн системасы, дүйнөдөгү жана Борбор Азия регионундагы аскердик-саясий кырдаал, ошондой эле азыркы коркунучтарга, чакырыктарга адекваттуу жооп кайтаруу жана өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн Куралдуу күчтөрдүн курамын, түзүмүн, милдеттерин жана маселелерин системалаштыруунун жана өркүндөтүүнүн зарылдыгы менен шартталган.

Аталган маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылган сунуштарды эске алуу менен Аскердик доктринанын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар боюнча экинчи маселени угуу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аталган Тизмеге мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар бир катар стратегиялык объекттерди киргизүү сунушталган.

Ар бир маселе боюнча президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар актуалдуу тапшырмаларды берди, алардын аткарылышы үчүн ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик тартат.

Пикир

Оставить комментарий