• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖККУнун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө Протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты сактоо иши тууралуу макулдашууга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Протокол менен Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, ага ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтыкты колдоо боюнча операцияларында тынчтыкты сактоочу Күчтөрдү колдонуу үчүн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрү координациялоочу мамлекеттин эгидасы астында түзүлөт (ЖККУнун мүчө-мамлекеттердин бирин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши аныктайт).

ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн БУУнун тынчтыкты сактоо боюнча операциясына катышуу шарттары БУУнун ыйгарым укуктуу бөлүмү менен координациялоочу мамлекет тарабынан түзүлгөн макулдашууда аныкталат.

Ошону менен бирге, тынчтыкты сактоочу контингенттерди ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнө киргизүү маселелери координациялоочу мамлекет менен ЖККУнун башка мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы эки жана көп тараптуу макулдашуулар менен жөнгө салынат.

Ошондой эле, ЖККУнун ар бир мүчө-мамлекети өзүнүн катышуусу жөнүндө ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине маалымдоо менен БУУнун мандаты боюнча тынчтыкты сактоо операцияларына катышуу үчүн өзүнүн тынчтыкты сактоочу контингенттерин жиберүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий