• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР курамасы армрестлинг боюнча Түркияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын курамасы армрестлинг боюнча Түркиянын Анталия шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Турнир 12-21-октябрь күндөрү өтөт, учурда спортчулар мелдешке активдүү даярданып жатышат.

Кураманын тизмесине 31 адам кирген. Үч спортчу спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциядан каржыланат.

Асхат уулу Өткүр (50 кг), Шахзода Юнусова (45 кг), Шахман Сулейманов (60 кг), Вадим Вавилов (65 кг);

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар: Толкунбек Исаков (80 кг), Александр Прокопов (55 КГ), Канат Абдыжапаров (55кг), Нурбек Алиев (60 кг), Каныбек Базарбаев (75кг), Жаныбек Абдыкадыров (55 кг), Мурзакул Исабеков (+80 кг/).

Пикир

Оставить комментарий