• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен Бангладештин Соода-өнөр жай палатасы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коет

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев 23-мартта Дакка шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин милдетин аткаруучу Арман Хак менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Асеин Исаевдин Бангладештин президентине Ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуу үчүн Дакка шаарына жумушчу сапарынын алкагында болду.

Тараптар текстиль өнөр жайы, фармацевтика, IT, туризм жана алтын казуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоого макулдашты.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Дакканын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу, ошондой эле тиешелүү бизнес-форумдарды уюштуруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий