• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 15-июлундагы «КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизүү» тууралуу жарлыкка койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, КР президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «КР президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү токтом кылынат:

— жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо 15 жана 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«15. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.

  1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, анын ичинде биринчи орун басары ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат».

Бул жарлык бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий