• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ башчысы менен Франциянын элчиси эки тараптуу жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштурууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Франция элчиси КР менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө болгон даярдыкты белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди талкуулап, бийик деңгээлдеги визиттерди уюштуруунун шарттары тууралуу сөз кылышты.

Ошондой эле парламент арасындагы кызматташтыкты активдештирүү, эки өлкөнүн ТИМ ортосундагы саясий диалогду жана соода-экономикалык маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий