• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары менен Сауд Аравиянын элчиси өз ара кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаеа Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Ошону менен бирге тараптар бардык деңгээлдеги өз ара сапарларды, ТИМдер аралык саясий консультацияларды жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын уюштуруу боюнча күч-аракеттерди багыттоону макулдашышты.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Сауд Аравиянын жарандарынын Кыргызстанда жүрүүсү жана инвестицияны коргоону күчөтүүнүн укуктук механизмдери боюнча маселелер көтөрүлдү.

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн маданият күндөрүн, жарманке-көргөзмө, туризм жана бизнес форумдарды биргелешип өткөрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий