• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Түрк кеңешинин Эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Кечээ, 6-январда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Түрк кеӊешинин Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов жетектеген Эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушуусу болуп ɵттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндɵ министрдин орун басары Мадмаров КР өкмɵтү тарабынан КР президентин мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоону жана референдумду даярдоо боюнча, шайлоо процессин демократиялык принциптердин негизинде, ɵлкɵбүздүн эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык камсыздоо боюнча ɵткɵрүлүп жаткан комплекстүү иш тууралуу маалымдады.

Ушуну менен бирге, Түрк кеӊешинин Байкоочулар миссиясына Кыргыз Республикасынын чет ɵлкɵлɵрдɵгү мекемелеринде түзүлгɵн шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруу жана жарандардын ден соолугун коргоо боюнча кɵрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеӊири маалымат берилди.

Ошондой эле министрдин орун басары чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келип жаткан эл аралык байкоочулардын сандык жана сапаттык курамы жɵнүндɵ маалымдады.

Түрк кеӊешинин башкы катчысынын орун басары Азимов ɵз кезегинде Түрк кеӊешин КР президентин мɵɵнɵтүнɵн мурда шайлоого жана референдумга чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул маанилүү коомдук жана саясий иш-чаралардын ийгиликтүү ɵтүүсүн каалап, шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын элинин бакубатчылыгына кызмат кыларына ишеним билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Түрк кеӊешинин алкагындагы кызматташтыктын ɵнүгүүсүнүн келечеги боюнча жана ошондой эле аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий