• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРда «Биринчи мугалим – 2017» сынагы жарыяланды, жеңүүчү Москвага саякатка барат

Маданият 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Кыргызстанда өлкөнүн мектептеринин башталгыч класстарынын айылдык мугалимдери үчүн «Биринчи мугалим – 2017» сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Санжарбек Данияровдун коомдук фонду тарабынан жарыяланган сынакка жалпы билим берүү программасын ишке ашырган айыл акмактарда жайгашкан КРнын билим берүү мекемелеринин башталгыч класстарынын педагогикалык кызматкерлери катыша алат.

1-орунду утуп, “Биринчи мугалим – 2017” наамын алган катышуучуга ардак грамота жана Санжарбек Данияровдун фондунун атынан башкы байге – Москвага 10 күндүк маданий-таанып-билүү саякаты ыйгарылат.

1-2-3-орунду ээлеген катышуучулар Бишкек шаарында өзүнүн окуучулары менен биргеликте бир күндүк маданий-таанып-билүү саякаты түрүндөгү байгеге ээ болот.

Сынактын жоболору менен http://edu.gov.kg/ru/join-us/konkursy/konkursy/ шилтемеси аркылуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышса болот.

Пикир

Оставить комментарий