• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КТРК каналы кыргыз-казак улакчыларынын беттешин түз алып көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек. 26.08.17 /Кабар/. КТРК Спорт каналы Астанада өтүп жаткан көкпар (кыргызча аталышы көк бөрү-ред) боюнча дүйнөлүк биринчиликтин финалдык оюнун түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу аталган каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.
“Бизде жакшы жаңылык! Кыргызстанда жалгыз КТРК жана КТРК Спорт каналдарында Казакстандын Астана шаарындагы Көк бөрү чемпиондугунун финалын жогорку сапатта (Full HD формат) көрө аласыздар. Көк бөрү финалы 27-август саат 17.00дө, бирок убактысы тактала элек. Астана так убактысын айтаары менен жарыяланат. (Такталбаган маалыматтар боюнча Көк бөрүнүн финалында Казакстан Президенти Н. Назарбаевдин катышуусу күтүлүүдө)”,-деп жазган Карыпбеков.
Белгилей кетсек, оюн башталганда Кыргызстан алгач Монголиянын курама командасын - 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде, Тажикистанды - 15:2, АКШны 11:6 эсебинде жеңген болчу.
Ошентип, Кыргызстан 5 ирээт тең жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.
Финалда Кыргызстан курама командасы “В” тайпасы боюнча алдыга озуп чыккан казак улакчылары менен беттешет.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.
Көкпар боюнча дүйнөлүк биринчилик Астананын “Казанат” ипподромунда өтүүдө. Үчүнчү орун үчүн беттеш 27-августта болот. Байге фонду 18 млн тенге (3,7 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий