• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КТРК Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышын түз алып көрсөтөт

Спорт 0


Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. КТРК, КТРК Спорт, Ала-Тоо 24 каналдары Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышын түз алып көрсөтөт.

Олимпиаданын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын атынан кышкы оюндарга лыжа тебүү спортунан Максим Гордеев гана катышат. Ал 16-февралда күчүн сынайт.

Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февралда Кытайда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий