• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КТРК Спорт телеканалы Азия-2018 мелдешинин тандоо оюндарын түз алып көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.10.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда өтүүчү Азия – 2018 чемпионатынын алкагындагы тандоо оюндарын КТРК Спорт каналы көрсөтөт.

Футбол федерациясынан кабарлашкандай, телеканал бардык оюндарды түз алып көрсөтөт.

Эске сала кетсек, 31-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 19 жашка чейинки жаштар арасында АЧ-2018 тандоо турнири өтөт. Мелдеште Кыргызстан, Непал, Оман, Бахрейн жана БАЭ жаштар командалары беттешет.

Оюн 31-октябрда жана 2-4-6-ноябрь күндөрү болот. Башталышы саат 12:00.

Пикир

Оставить комментарий