• 88.68
  • 95
  • 0.95

Куткаруучулар тарабынан жыл башынан бери 154 адам куткарылды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2020-жылдын 9 айында жалпысынан 154 адам куткарылган. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен

жол кырсыгынан – 70;

экстремалдык абалда – 40;

өрттөн – 43;

көлмөлөрдөн – 1.

Ал эми куткаруучулар тарабынан жалпысынан 741 адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен 29 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 354 адамга жардам көрсөтүлсө, үйлөрүнүн эшиктери жабылып калган 358 адамга жардам берип, эшиктерин ачып беришкен.

Облустук жана Бишкек, Ош шаардык “Куткаруу кызматтары” тарабынан 3 миң 76 муктаж болгон жаранга телефон аркылуу кеңеш берилген.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 миң 563 жолу чыгуу катталган.

Анын ичинен:

135 – жол кырсыгына;

2 225 – ар түрдүү кырсыктарга;

90 – сууга чөккөндөрдү издөөгө чыгуу жана башкалар болгон.

Пикир

Оставить комментарий