• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кувакы ашуусунда эки унаа кагышып, беш адам каза болду – видео, сүрөт

Кырсык 0


Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 172-чакырымындагы Кувакы ашуусунда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес Спринтер» кичи автобусу кагышкан. Бул тууралуу агенттикке Жол кыймылынын коопсуздук камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдын ала билдирүүгө караганда, жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, бурулушта кагылышуу болгон.

Кырсыктан жеринде беш адам каза болгон, учурда алардын өздүгү такталууда. Ошондой эле 14 адам жабыркаган, алардын 12си Кочкор райондук ооруканасына, экөө Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт Тоң райондук милициясында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий