• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кырчындагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү аяктады – сүрөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий жана спорттук иш-чаралардын экинчи күнү аяктады.

Кырчын капчыгайында көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын ар бир облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын этношаарчасы ачылган. Ошондой эле бул жерде 80 өлкөдөн келген катышуучулар өздөрүнүн боз үйлөрүн тигип, улуттук тамак-аштарын, фольклор, кийим жана оюн-зоокторун жалпы көрүүчүлөргө тартуулашты.

Андан тышкары, капчыгайда айрым спорттук мелдештер өтүп жатат, ал эми негизги бөлүгү – Чолпон-Ата шаарында болууда.

Ош шаарынан келген дизайнерлер кыргыздардын улуттук кийимдеринин 80ден ашуун түрүн көрсөттү. Анда бийкечтерге, айымдарга, улгайган аял затына, уул- балдарга, аксакалдарга, жигиттерге таандык көчмөн элинин доорлорун чагылдырган улуттук кийимдер көрсөтүлдү.

Эске сала кетсек, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-нен 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт. Катышуучулар спорттун 37 түрү боюнча мелдешет. Ал үчүн Ысык-Көлдүн жээгине дүйнө жүзүнөн 2000ге жакын спортчу келди.

Пикир

Оставить комментарий