• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

III ДКОго кандай жаңылыктар киргизилген? Маданият министрлигинин жообу

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. III ДКО мурдагы оюндардан айырмаланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Темирбекова оюндар спорт, маданият жана илим багыттары боюнча өтөрүн айтты.

“Кечки программада этномаданияттардын фестивалы өтөт. Ага 27 өлкө жана 8 россиялык субъектилер катышары белгилүү болду. Этнофестивалдын негизги максаты – Кыргызстанды башка өлкөлөрдүн этномаданияты менен тааныштыруу жана чет өлкөлүктөрдүн кечинде жакшы убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. Спорттук программадагы дагы бир өзгөчөлүк – Улуу күрөшчү, Улуу жаачы жана башка наамдарынын кириши. Буга чейин андай болгон эмес”, - деди ал.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары III ДКОнун программасы жыш болорун белгиледи.

“Бир нече аянтчаларда параллелдүү түрдө ар кандай иш-чаралар өтөт. Кырчын жайлоосунда эле бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Спорттук оюндар 5 аянтчада өтөт. Күрөш, дене тарбия жана башка спорттун улуттук түрлөрү көрсөтүлөт”, - деди ал.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жамнкулов Кырчын жайлоосунда 1 миңге жакын боз үй тигилерин айтты.

“Оюндарда 7 облус жана эки шаар өздөрүнүн боз үйлөрүн коюшат. Бизге өздөрүнүн боз үйлөрүн орноткусу келген мамлекеттик органдар жана уюмдар кайрылышты. Жалпысынан 12-13 боз үй шаарчасы курулушу күтүлүүдө. 27 өлкө оюндарга катышарын тастыкташты. Чет өлкөлөрдүн этношаарчасы пайда болот”, - деди ал.

Жаманкулов быйыл жергиликтүү жана чет элдик кол өнөрчүлөрдүн продукциялары тартуулана турган этнобазар болорун айтты.

“Таштан жасалган сахна орнотулат. Биз VIP орундарды алмаштырдык. Этношаарчалар маданиятыбызды жана салттарыбызды конокторго тааныштыруучу жай болот. Кийин объектилерди жергиликтүү бийлик органдарына баланска беребиз”, - деп кошумчалады ал.

Жаманкулов инфраструктуралык көйгөйлөр дагы чечилип жатканын айтып өттү.

“2016-жылы туристтерден ар кандай эскертүүлөр, сунуштар болгон. Алар көбүнчө даараткана жана суу көйгөйлөрү тууралуу айтышкан. Бул маселелердин баары чечилди. Айланма жол болот. Жайлоого унаалар Семенов капчыгайынан кирип, Григорьев капчыгайынан чыгат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий