• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын дене тарбия жана спорт министринин орун басары: Көк бөрү боюнча финалга чыгабыз деп күткөн эмесбиз

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 07.09.18. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын дене тарбия жана спорт министринин орун басары Баходир Маматназаров көк бөрү боюнча курама командалары финалга чыккандагы сезимдери менен бөлүштү.

Анын айтуусуна караганда, алар башкалар сыяктуу эле финалда казак-кыргыз улакчылары беттешет деп күтүшкөн.

“Кечээ бүйүр кызыткан оюн болду. Биздикилер жеңет деп күткөн эмесбиз. Бүгүн күчтүүлөр жеңишке жетет”, - деп билдирип, алардын курама спорттун 13 түрү боюнча мелдештерге катышкандыгын кошумчалады.

Өзбекстандын байге куржунунда 25 медаль бар: 3-алтын, 5 –күмүш жана 17-коло байге.

Пикир

Оставить комментарий