• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 12-октябрынан 18-октябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Пикир

Оставить комментарий