• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык стартаптын программалык камсыздоосу геологиялык чалгындоодо колдонула баштайт

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен өнөр жайы үчүн Dolon программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу “Долон Системс” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Презентацияда белгиленгендей, бул стартап КР Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат, компаниянын программалык камсыздоосу Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүндө кызыгууну жаратат.

Программалык камсыздоо геологиялык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде түздөн-түз веб-браузерден жүктөөгө, иштеп чыгууга жана анализдөөгө мүмкүндүк берет, бул өндүрүш процесстеринин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат. Иштеп чыгуучунун айтымында, Dolon системасы менен 4-5 сааттык адистин жумушун 30 мүнөткө чейин кыскартат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоор келечектүү жана геологиялык чалгындоо процесстерине оң таасирин тийгизе аларын белгиледи. Ал сейрек кездешүүчү металлдардын реалдуу көлөмүн аныктоо үчүн Борду калдыктарын сактоочу жайда иштөөдө пилоттук долбоор катары программалык жабдууларды колдонууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий