• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин вице-мэрлери Орунтаев менен Байгончоковго сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эки орун басарга жана башкармалыктын жетекчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн мэрияда шаардын бюджетинин планынын аткарылышы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.

Жыйында 3-кварталда салыктык эмес кирешелер боюнча план 34%га аткарылбаганы айтылды.

Буга байланыштуу мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго, вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулуна сөгүш жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий